Пхеньян Вашингтонго каршы өзүнүн өзөктүк куралдарын колдонууга даярдыгын эскертти. Корей элдик армиянын башкы штабынын маалымат катчысы АКШнын “кастык саясаты” жана расмий бийлигинин “өзөктүк коркутуулары” ушундай кадамга кептеди деп айыптады. Андан мурдарак Вашингтон өзүнүн аскерий базаларын коргоо үчүн Тынч океандын батыш тарабына ракетадан коргоочу системаларды орноторун жарыялаган. Пентагондун билдиришинче, мындай система Гуам аралында жакын арада орнотула баштайт. (EBM)