Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:08

Бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды


Акыйкатчы Турсунбек Акундун демилгеси менен Бишкекте бийлик менен оппозициянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды. Жолугушууга бийлик тараптан биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экономика министри Темир Сариев, “Ата Мекен” фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев, оппозициядан "Кыргызстанды сактоо” кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев баштаган бир нече уюмдун өкүлдөрү катышып жатат. Жолугушууну ачкан Турсунбек Акун эл арасында бийликке нааразы болгондор бар экенин, мунун натыйжасында митингдер өтүп жатканын, бирок бийлик алар менен диалогго барбай жатканы үчүн жолугушуу уюштурулганын билдирди.

Буга чейин “Эл үнү” кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров президент Алмазбек Атамбаев катышпаса, келбей турганын айтып баш тарткан болчу.(BkA\JAk)

XS
SM
MD
LG