Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

"Эл үнү" кыймылы Кумтөр келишимин жокко чыгаруу долбоорун парламентке сунуштады


“Эл үнү” оппозициялык кыймылы Кумтөр келишимин жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштады. Бул тууралуу бүгүнкү парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков билдирди. Ал кыймыл мүчөлөрү мыйзамды демилгелөө үчүн 10 миң жарандын колун топтошконун айтып, депутаттарды аталган мыйзам долбоорун тезинен кароого чакырды.

“Эл үнү” кыймылы иштеп чыккан бул долбоордо Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда 2009-жылы түзүлгөн келишимди дароо жокко чыгаруу сунушталган.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 3 айдын ичинде 2009-жылы түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. “Центерра Голд” бул сунушка макул болбосо, келишимди бузуу тапшырылган. Өкмөт канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн топ түзгөн. Ал топтун мүчөлөрү “Центерра Голддун” өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктаганын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG