Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Өкмөт “Визор Холдингдин” арызы боюнча комиссия түздү


Кыргыз өкмөтү Жерүй кенинин мурдагы инвестору, казакстандык “Визор Холдинг” компаниясынын Эл аралык Арбитражга кайрылуусу боюнча юристтерден турган атайын комиссия түздү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Ишембай Чунуев билдирди. Анын айтымында, аталган комиссия эл аралык сотто таламын коргоонун жол-жобосун иштеп чыгат.
Буга чейин “Визор Холдинг” компаниясы кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген. Анда Казакстандын компания өкүлдөрү Жерүй кенин иштетүү үчүн лицензияны жокко чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн токтомун мыйзамсыз деп табуу жана өкмөттү 400 миллион долларлык доого жыгуу өтүнүчүн келтирген.

2011-жылдын соңунда кыргыз өкмөтү Жерүй кенин иштетүү үчүн “Визор Холдинг” ээлик кылган “Жерүй алтын” ишканасына берилген лицензияны жокко чыгарган болчу. Мындай чечим компаниянын лицензиялык келишимди аткарбаганы менен түшүндүрүлгөн. “Визор Холдинг” өкмөттүн мындай чечиминин үстүнөн Кыргызстандагы бардык баскычтагы сотторго кайрылып, бирок утулуп калган.

Учурда кыргыз өкмөтү Жерүйдү иштетүү боюнча кайрадан конкурс өткөргөнү жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG