Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Депутаттык комиссия Обдуновду жоопко тартууга макулдугун берген жок


Башкы прокуратуранын “Республика” фракциясынан депутат Элмурат Обдуновду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестик макамын алуу боюнча сунушун караган депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Анын жыйынтыгы ушул тапта парламент жыйынында каралып жатат. Анда комиссиянын төрагасы Абдрахман Маматалиев комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү Обдуновду жоопко тартууга негиз жок деген тыянакка келгенин билдирди. Анын айтымында, Обдуновго карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгон.

Элмурат Обдуновго былтыр 15-ноябрда кылмыш иш козголгон. Депутат 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчи болуп иштеп турганда окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллион сомго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып алган деп айыпталууда. Обдунов мындай айыптарды жокко чыгарып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG