Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:30

Чекисттер кадр тандоонун эски ыкмасына кайтат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кайра калыбына келтирилген Мандаттык комиссиясы 1-апрелде жыйынга чогулду. Мындан ары аталган комиссия коопсуздук кызматына жаңы кадрларды тандап, УКМКнын төрагасына сунуштайт.

Мандаттык комиссиянын иши 2006-жылы токтоп калган. Жетекчи гана чекисттерди жумушка алып, натыйжада кадрлардын сапаты начарлап кеткенин, тааныш-билиш аркылуу кызматтка кирүү көбөйгөнүн байкоочулар айтышкан. Комиссия курамына УКМКнын борбордук аппаратындагы бөлүм башчылар жана Офицердик жыйындын төрагасы кирет. (EBM)
XS
SM
MD
LG