Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Кандуу апрель


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин бардыгы 7-апрелдеги ыңкылапты эскерген макалаларды жарыялашты.

“Жаңы агым” гезити "Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариевдин “Кокустан баатыр болуп калгандарды коргогубуз келбейт” деген жана “Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковдун “Баатырлыктын ашмалтайын чыгарып койдук” деген маектерине орун берди.

Жамансариев 7-апрель соту боюнча сөз кылып, кыргыз тарыхында 1-жолу мамлекет башчысы сот жообуна тартылып жатканын, ушул кезде сот аяктап калганын, жакын арада өкүм чыгарын, кокустан баатыр болуп калгандарды ал башкарган коом коргоого албай тургандыгын, элде эч кандай курал болбогонун, эгер эл тараптан ок атылса, Ак үйдүн бетинде октун тагы калмагын, андай бир да из жоктугун айтса, журналист Ырысбек Өмүрзаков эң жаманы жүздөгөн киши өлүп, арасынан жөн эле бирөөлөр баатыр болуп алганын, мисалы, Нарында жаңы эле түрмөдөн чыккан бир киши баатыр болом деп өз акырегине темир сая коюп баатыр болуп алганын, ошол эле Нарындан анын классташы баатырмын деп, 7-апрель сайын мас болуп калжаңдап жүрөрүн, ал милийсада иштеп жүрүп зөөкүрлүк менен айдалып кеткенин далилге тартып, ыңкылаптын, 7-апрелдин кутун учуруп, кунун ушундайлар кетирип жатканына кейиди.

“Алиби” гезити “Жерүйдү жедирбейбиз!”, “Маданият министрлиги оюнчук эмес!” “Туңгучтуктардын датын угаар жан барбы?” деген баш темалар менен бүгүнкү санын ачты.

Дөөлөс Орозбаковдун макаласы “Мен көргөн 7-апрель” деп аталып, автор үч жыл мурда өз көзү менен көргөн окуяны баяндап берди. “Баатырларга таазим” фондунун башчысы Кишимжан Таштекованын Таластан жазган каты “Эх, балдар таңды тоспой ок тостуңар, эл үчүн акыретте достоштуңар” деген ат менен тартууланды.

Таластан бийлик башындагылардын атына багышталган кайрылуу “Ыйык жерди саясий майданга айлантпайлы” деп аталып, Таластагы “Манас Ордону” саясий талаштарды чечүүнүн борбору эмес, элди ынтымакка, биримдикке чакыруунун борборуна айландыруу керек деген ойду айтты.

“Фабула” гезити элдин бийлиги биринчи Таласта орногонун, эгер Болот Шер болбогондо Бакиевдин Таластагы тагы куламак эместигин белгиледи.

Экономика министри Темир Сариев “7-апрелде балдар идея үчүн курман болушкан” деп интервью берди. Милициянын полковниги Камчыбек Абелдиев 6-7-апрелде Таласта кандай болгонун баяндады.

Апрель баатыры Омарбай Нарбеков Конгантиевди асып салабыз дегенде ажыратып алып калышканын айтса, Дөөлөтбек Шадыбеков да ошол күндү эскерди. Рыскелди Момбеков интервью берип, бүгүнкү саясатка байкоо салып, Жалал-Абаддагы курултайда жалгыз гана Адахан Мадумаров “оппозиционермин” десе жарашарын, ал эми Азимбек Бекназаров, Эркин Булекбаев, Бектур Асановдун оппозиционермин дегендерин түшүнө албастыгын белгиледи.

“Кыргыз туусу” гезити “Ээнбаштык жана мыйзамсыздык токтотулсун!” деген ат менен баатырлар, академиктер, эски депутаттар, эски атаминерлер, окумуштуулар колдорун коюп, президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон ачык катты жарыялады. Анда Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасынын айланасындагы чыр жана сот реформасы элди бушайманга салып жаткандыгы туурасында кеп болот.

“Де-факто” гезити “Апрель революциясынан күткөн үмүттөр акталдыбы?” деп суроо салды.

Депутат Ширин Айтматова:– 7-апрель боюнча сот - фарс, абсурд, театр, бийликтин сот бутагы - силердин кыйшык жүзүңөр,–деп,

Полковник Жолдошбек Бузурманкулов: –Мародерлук, банктан уурдалган акчалар революцияга сокку болду,–деп,

Журналист Сабыр Муканбетов: – Эки революцияга тең катыштым. Менин күткөнүм адам укугу менен сөз эркиндиги болчу, экөө тең орундалды. Ошон үчүн митингге чыкпайм. Бир заматта эле баары жакшы болуп кетпейт,–деп,

Депутат Акылбек Эшимов:–Элдин үмүтү жарым-жартылай акталды,–деп,

Саясатчы Адахан Мадумаров: – Жалал-Абаддагы курултайда буга “элдин үмүтү акталган жок” деп жооп берилди,–деп,

Нурлан Шакиев:–Мен 7-апрелди революция эмес төңкөрүш деп эсептейм. Элдин үмүтү 90 пайыз аткарылган жок,–деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG