Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:56

Freedom House уюму Кыдыралиеванын демилгесин сынга алды


Freedom House эл аралык уюму депутат Ыргал Кадыралиева демилгелеген 23 жашка чыга элек кыздарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун адам укугун чектеген жана Баш мыйзамга каршы келген демилге деп атады. Уюмдун билдирүүсүндө эл өкүлдөрү кыздарга тыюу салуунун ордуна маселенин келип чыгуу себептери менен күрөшүүсү керек экендиги айтылат.

Буга чейин депутат Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңешке 23 жашка чыга элек кыздарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Депутат бул демилге аркылуу миңдеген кыздарды эмгек жана сексуалдык кулчулуктан, алдамчылардын колуна түшүп калуудан коргой тургандыгын билдирүүдө. (JAk\BkA)

XS
SM
MD
LG