Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Орусияда оппозиция лидери президент болуу мүдөөсүн билдирди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.
Алексей Навальный мындай мүдөөсү бар болгонун көз карандысыз “Дождь” телеканалына курган маегинде айтты.

Кесиби боюнча адвокат Навальный 36 жашта жана акыркы бир жарым жылдан бери президент Путиндин башкы сынчыларынын бирине айланды.

Навальный белгилегендей, эгер ал бийликке келип калса, Путин жана ага жакын бир нече ири ишкер кылмыш жоопкерчилигине тартылышын кепилдейт, Орусиядагы жакырчылыкка каршы күрөшөт. Навальный президент болуу мүдөөсү тууралуу өзүнүн үстүнөн 17-апрелде сот башталар алдында жарыялады. Бийликтер аны акча уурдаган деп айыптоодо.

Бул кылмыш ишинин саясий жүйөсү бар деп эсептеген оппозиция лидери, эгер күнөөлүү деп табылса, 13 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG