Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Таласта 7-апрель окуясы эскерилүүдө

Таласта 7-апрель окуясында каза тапкандардын үй-бүлөлөрү апрель окуясы боюнча сот жыйынтыгы чыкпай, окуяга күнөөлүүлөр жазаланбай жатканына нааразы. Бул тууралуу бүгүнкү 7-апрелди эскерүү реквиеминде айтылды. Талас шаарынын борбордук паркында жайгашкан баатырлар аллеясында өтүп жаткан эскерүү митингине бүгүн өкмөт өкүлдөрү жана спикер Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар тобу, акыйкатчы Турсунбек Акун катышууда. 3 жыл мурун 7-апрелде Ала-Тоо аянтында Таластын 8 тургуну октон кайтыш болгон. (AzK/MbA)
XS
SM
MD
LG