Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Атамбаев: Өлкөбүздү талкалагандын ордуна сакташыбыз керек


Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Түштүк дарбазасындагы сейил бакта жапониялык сакура багын отургузуп жатканда айтты. Ал эгер жарандар “Кыргызстан мага эмнени бере алат” дегендин ордуна “мен Кыргызстанга эмнени бере алам” деген ураан менен жашашса жана өлкөдөгү тынчтыкты сактаса, беш жылдан кийин Кыргызстан жакшы жакка өзгөргөн мамлекет болооруна ишенээрин белгиледи.

“Эмне үчүн биз дайыма алаканыбызды сунуп жүрүшүбүз керек? Менимче, эми мындай болбош керек. Биз мындайдан уялышыбыз керек жана “бер” деген сөздү унутушубуз керек. Биз өзүбүз иштеп, өзүбүздү өзүбүз багышыбыз зарыл", - деди президент.

Президент менен кошо сакураны отургузууга Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана башка мамлекеттик чиновниктер катышты.

Жапония Кыргызстанга сакуранын 140 көчөтүн белек кылган. (AzK\TTo)

XS
SM
MD
LG