7-апрель күнү ок тийип мерт болгон жарандардын ичинен ким экени белгисиз болуп келаткан Дүйшөнбек Чалбаевге бүгүн мемориалдык такта тургузулду. Анын ачылышына президенттин этникалык мамилелер боюнча кеңешчиси Эмил Каптагаев, президенттин кенешчиси Фарид Ниязов жана маданият министри Султан Раев катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мекен шейиттери” уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев билдирди.
7-апрель күнү каза тапкан Чалбаев Дүйшөнбек Кара-Балта районуна караштуу Ак-Сай айылында 1957-жылдын 1-октябрында төрөлгөн. Бүгүнкү иш- чарага катышкан анын уулу Руслан Чалбаев атасынын сөөгү 2012-жылы эксгумацияланганын жана ДНКсы Алматы шаарында текшерилгенин билдирди. (AzK)