Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Милициянын колунан жарылган гранатанын тек-жайы иликтенип жатат


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов Ак-Өргө конушундагы милициянын аймактык бөлүмүнөн жарылган гранатаны ИИМдин эксперттик тобу тактап жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, граната колун жулуп кеткен милиция кызматкери гранатанын сыныктары курсагына кирип, ички органдары жабыркагандан каза болду. Абалы оор болуп ооруканага түшкөндүктөн, өзүнөн көрсөтмө алууга мүмкүн болбой калды. Сейитов 2010-жылы апрель, июнь окуяларында бир топ курал-жарак жоголгонун, анын ичинде ар түрдүү граната болгонун, жарылды деген граната ошолордун бири болушу ыктымалдыгын белгиледи.

Ак-Өргө конушунда милициянын аймактык бөлүмүнүн жанына кимдир бирөө жылтырыкка оролгон граната калтырып кеткен. Аны милициянын тескөөчүсү Шамил Усубалиев ачып атканда жарылып, колун жулуп кеткен. Усубалиев бүгүн таңга маал алган жараатынан көз жумду. (EBM)

XS
SM
MD
LG