Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Кытай Корея жарым аралындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди


Кытай Тышкы иштер министрлигинин интернет сайтындагы билдирүүдө Кытайдын Пхеньяндагы элчилиги кадимки шартта иштеп жаткандыгы айтылат. Ошол эле учурда расмий Бээжин Түндүк Кореянын бийлигин өз аймагындагы кытайлык дипломаттар менен жарандардын коопсуздугун толугу менен камсыз кылууга чакырды.

Жума күнү Түндүк Корея дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар чет өлкөлөргө кайрылып, өз жарандарын чыгарып кетүүнүн жолдорун караштырууну сунуштаган. Ага карабастан көпчүлүк элчиликтер мындай сунушту Түндүк Кореянын АКШны коркутуу аракети катары баалаган. Корей жарым аралында ушул тапта кырдаал өтө чыңалып турат.

XS
SM
MD
LG