Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Украина: түрмөдөн чыккан Луценко Тимошенкого жолугат


Түрмөдөн чыккан Украинанын мурунку ички иштер министри Юрий Люценко мүмкүн болушунча тез арада мурунку өкмөт башчы Юлия Тимошенкого жолугарын билдирди. Тимошенко да азыр тергөө абагында жатат.

Украин президенти Виктор Янукович кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен төрт жыл абакка кесилген Луценкого ырайым кылып 7-апрелде абактан чыгарды. Президент кечирим бергендердин арасында эки жыл шарттуу кесилген мурдагы айлана-чөйрөнү коргоо министри Георгий Филипчук дагы бар.

2010-жылы камалган Юрий Луценко өзүнө саясий негизде күнөө тагылып жатканын айтып, бардык айыптарды четке кагып келген. Ал абактан чыккандан кийин саясий ишмердигин улантарын, бирок президент болуу ниети жоктугун айтты. Евробиримдиктин Украинадагы элчиси Люценкону жолугушууга чакырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG