Бүгүн Бишкекте дүйнө адабиятынын классиги Мухтар Ауэзовду эскерүү иш-чаралар өтөт. Оболу анын атындагы көчөдө эстелик такта ачылат. Маданият жана туризм министрлигинде жыйын болот. Шаардагы Эмен сейил багында Ауэзовдун эстелигине гүлчампар коюлат. “Манас” эпосун сактап калуу жана жайылтуудагы Аузовдун ролу тууралуу “Адамдар жолу” деген даректүү тасма көрсөтүлөт. Иш-чарага Ауэзовдун уулу жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси катышмакчы. Мухтар Ауэзов кыргыздардын “Манас” эпосун иликтөөгө чоң салым кошкон. (EBM)