Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

ЖК комитети УКМКдан коррупция боюнча отчет алат


Бүгүн Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөш комитетинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев 2012-жылдагы иштери тууралуу отчет берет. Жыйын жабык өтөт.

Аталган кызмат былтыр коррупция боюнча 300дөй кылмыш иши козголуп, 200дөн ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кабарлаган. Ал эми жыл башынан бери 54 кылмыш иши козголуп, 13 адам коррупция боюнча шектүү деп табылган. Коррупциянын айынан былтыр жана быйылкы үч айда мамлекетке 1 миллиард 700 миң сом зыян келтирилип, анын 400 миллион сому казынага кайтарылган.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2011-жылдын акырында түзүлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстанда коррупция жана экономикалык кылмыштар менен башкы прокуратура, ИИМ жана экономикалык кылмыштар боюнча кызмат да күрөшөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG