Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Ала-Буканын акимине кылмыш иш козголду


Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ала-Бука районунун акими Р.А баштаган акимияттын бир нече жооптуу кызматкерлерине кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аким баштаган жооптуу кызматкерлер былтыр жана быйылкы жылдын алгачкы айларында кызмат абалынан пайдаланып, республикалык бюджеттен кызматкерлердин айлык-маянасы үчүн бөлүнгөн 146 миң сомду башка максатта пайдаланып жүргөн. Ошондой эле аталган кызматкерлер жасалма документтер менен акимияттын карамагындагы жүрбөгөн автоунаанын айдоочусуна айлык чектеп жана ага куюлган кара май үчүн деп 59 миң сомду өзүнө ыйгарып алганы аныкталган. Натыйжада бул мыйзамсыз аракеттерден мамлекетке 206 миң сомдон ашык зыян келген.

Бул боюнча Кылмыш кодексинин “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, "эмгек акыны төлөө үчүн бөлүнгөн акчалай каражаттарды башка максатта пайдалануу”, “кызматтык жасалма аракет” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат. Бул боюнча айыпталган тарап маалымат бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG