Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Баткен: бийлик өкүлдөрү чек арадагы жаңжалдарды жөнгөрүүнү үйрөнөт


«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду Баткен облусунун аймагында Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы 5 айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жаӊжалдарды жөнгөрүүгө үйрөтөт. Мында айыл округ аймагындагы аялдар комитети, жаштар жана аксакалдар кеӊешинин өкүлдөрү ар кандай чыр-чатактарды анализдөө менен аны жөнгө салууда ортомчулук кылуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө окутулат. Долбоор эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат.

Бул демилге жыл башында Чарбактын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккандан улам көтөрүлгөн. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор убактылуу жабылган болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG