Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Парламентте журналист менен депутаттын чыры каралат


Бүгүн Жогорку Кеңештин регламент жана этика боюнча комитеттин жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу менен “Общественный рейтинг” гезитинин журналисти Эрик Исраиловдун араздашуусу каралат. Өткөн жумада депутат Бакир уулу сыркоолоп калганынан улам бул маселе каралбай калган. Андан мурунку жумада да депутат жыйынга келбей койгондуктан үзгүлтүккө учураган.

Февралдын башында журналист Исраилов Бакир уулу иш бөлмөсүндө ага кол көтөргөнүн айтып чыккан. Депутат мындай кадамга социалдык тармактын бириндеги талкуу учурунда кайым айтышууга чычалоодон улам барган деп билдирген.

Бакир уулу болсо журналисттин дооматын четке кагууда. Депутат жаран катары пикирин билдирүүгө укугу бар болгонун, Исраилов кыргыз элин кемсинткенин, ага кол көтөрбөгөнүн билдирип келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG