Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-апрелде Караколго жакын көл жээгинен 48 жаштагы Вадим Третьяков жана 28 жаштагы Александр Маятский аттуу тургундар кайык менен балык уулоого чыгып, дайынсыз жоголгон. 7-апрелден тарта аларды издөө иштери башталып, ага 9 куткаруучу, 35ден ашык жергиликтүү тургун тартылган. Эки күндүк издөөдөн майнап чыкпагандыктан бүгүнтөн тарта издөө иштери токтотулганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. (BkA)