Ушул тапта Бишкекте “Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуу борборун жабууну талап кылган акция өтүп жатат. Акцияны жаштардын “Жөн эле” деп аталган демилгелүү тобу уюштурууда.
Акция алкагында, аталган топтун өкүлдөрү жүк ташуу борборун Кыргызстандан чыгарууга көмөктөшүүнү суранып, Бишкектеги Орусиянын, Кытайдын, Ирандын жана Казакстандын элчиликтерине атайын петицияны тапшырганы жатышат. Аталган топтун өкүлү Атай Бейшенбек уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, транзиттик борбордо Кыргызстан жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч алып келген ар кыл куралдар сакталышы мүмкүн. Ошондуктан борборду тезинен чыгарууну талап кылышууда.
Аталган топ буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ушундай эле талап менен митинг уюштурушкан.
Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн колдонулуп келаткан Транзиттик борбор боюнча Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. (BkA)