Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Учкунбек Ташбаевдин иши сотко өттү


Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку директору Учкунбек Ташбаев козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Учкунбек Ташбаевди өткөн жылдын ноябр айында камакка алган. Ага кызматынан "кыянаттык менен пайдаланган, лицензия берүүдө кызматынан аша чапкан" деген айыптар тагылууда. Учурда Ташбаев УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG