Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:08

Армения президенти Серж Саркисян ант берди


Армениянын президенти Серж Саркисян экинчи президенттик мөөнөтүнө расмий киришти. Расмий инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы Тоолуу Карабак жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салууга мурдагыдай эле “артыкчылык берилээрин” билдирди.

Азербайжандын сепаратисттик аймагынын айланасындагы жаңжал 20 жылдан ашуун убакыттан бери уланып келатат. Саркисян 18-февралдагы президенттик шайлоодо ага колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын айтты. Ал добуштардын 58 процентинен көбүрөөк жеңген.

Атаандашы 37 процент менен марага экинчи болуп келген Раффи Хованисян шайлоонун бурмаланганын айтып чыккан. Анын миңдеген жактоочусу президенттин ант берүүсү алдында Еревандагы аянтка чогулуп, Хованисяндын “алтернативдүү инаугурациясын” өткөрүштү. Саясатчы ант берип, Саркисяндын кызматка расмий киришкенин “легитимдүү” эмес деп атады.

XS
SM
MD
LG