Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши Жогорку Соттун имаратынын алдында адвокаттар Улугбек Усманов менен Татьяна Томинага кол салууну сындап чыкты. Бул тууралуу кеңеш бүгүн билдирүү таратты. Билдирүүдө адвокаттарга кол салуу, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына шек келтирет деп жазылып, бийликтин чара көрүүсүнө чакырык ташталган.
2-апрелде коогалаңда адам өлтүрүү боюнча айыпталган Шамшиддин Ниязалиевдин адвокаты Улугбек Усманов Жогорку Сотто, жараян маалында аны жабырлануучулар сабап кеткенин айтып чыккан. Бирок "Санпа" заводунун жанында өлтүрүлгөндөрдүн жакындары Усмановдун айткандарын четке кагып, ага кол көтөрүү болбогонун билдирип келишет. (BkA)