Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Бишкектеги жарылуунун чоо-жайы иликтенүүдө


Бишкекте 9-апрелде эки адамдын өмүрүн алган жарылуунун чоо-жайы иликтенүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек ШИИБсинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов кабарлады. Анын айтымында, жарылуудан каза болгондор Бишкектин тургуну, 30 жаштагы Анатолий менен анын иниси, 20 жаштагы Андрей Колесниковдор экени аныкталды. Алар танкка каршы атылуучу снарядды темир араа менен кесүү учурунда жарылуу болуп, ошол жерден жан беришкен.

Учурда атайын тергөө тобу түзүлүп, кандай снаряд жарылганы жана анын кайдан келгени такталып жатат.

Маалыматтарга караганда, Анатолий Колесников буга чейин иштен чыккан курал-жарактардан ар кандай кооз буюмдарды жасаган чебер катары белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG