Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Эрдоган: Суунун баркын билгиле


10-апрелде Кыргызстандын жетекчилиги Бишкекте Түркиянын өкмөт башчысы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган 9-апрелдин кечинде Кыргызстанга эки күндүк иш сапар менен келген.

Транзиттик борбор боюнча сөз болгон жок

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 10-апрелде түштөн кийин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Алар алгач тар чөйрөдө кезигип, андан соң кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын башкы кеңешинин экинчи жыйынын өткөрүштү.

Кеңешке Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайып Эрдоган төрагалык кылат. Жыйын соңунда Атамбаев менен Эрдоган башкы кеңештин ишинин жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүүгө кол койду. Андан кийин маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Журналисттер “түрк премьер-министри Эрдоган Кыргызстандын “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык транзиттик борборду 2014-жылдан кийин калтырууга Бишкекти көндүрөт экен” деген маалыматтар чыкканын айтып, түрк өкмөт башчысынын ушул суроого пикири кандай экенине кызыкты.

Эрдоган бул Кыргызстандын өзүнүн иши деп жооп берди:

- Буга байланыштуу биздин ортобузда эч кандай сөз болгон жок. Буга чейин деле бул тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Бул маселенин Түркияга эч тиешеси жок. Ал боюнча чечимди Кыргызстан өзү гана кабыл алат.

Эрдоган: Кайгы-кубанычыбыз бир
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00

Ал эми Алмазбек Атамбаев Түркия өткөн жылы 100 млн. доллар кредит бергенин, 6 млн. доллар грант бөлгөнүн жана 50 млн. доллар карызын жойгонун айтып, ыраазычылык билдирди. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтык мындан ары да уланарына ишенерин белгиледи:

- Кыргызстан мындан ары да Түркия менен саясий, соода-экономикалык, аскерий-техникалык багытта кызматташууну өнүктүрө бермекчи. Анткени биздин тамырыбыз бир, калктарыбыздын өз ара мамилеси кылымдар бою калыптанып келген. Бүгүнкү күндө Түркия дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээледи. Өлкөнүн экономикасы акыркы он жылда туруктуу өнүгүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Түркия азыр дүйнөдө өнүккөн өлкөлөрдүн арасында, 16-орунда турат.

Кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтык кеңеши 2011-жылы апрель айында түзүлүп, алгачкы жыйыны Анкара шаарында өткөн. Анын алкагында эки тараптуу саясий, аскердик, экономикалык, энергетикалык, маданий, гуманитардык байланыштардын стратегиясы аныкталат.

Түркия Кыргызстанга ГЭС курууга кызыкдар

Ошондой эле Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган түшкө чейин Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолуккан. Анда да бир катар эки тараптуу кызматташтык боюнча документтерге кол коюлган.

Жолугушууда экономика, билим берүү, маданият тармактары боюнча кызматташтыкты кеңейтүү талкууланды. Сатыбалдиев Түркия Кыргызстандын салттуу соода өнөктөшү экенин, бирок мүмкүнчүлүктөр толугу менен пайдаланылбай жатат деп билдирди. Соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүү керек деген түрк өкмөт башчысынын сунушун толук колдорун айтты.

Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев быйыл жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракеси экенин белгилеп, Айтматовдун эстелигин Түркияга, ал эми Тургут Озалдын эстелигин Кыргызстанга тургузууну сунуш кылды.

Ал эми түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган бул саясий жолугушуу болгону менен эң алды ал ишкерлер үчүн пайдалуу болуп жатканын айтты.

Эрдоган: Соода көлөмүн млрд долларга жеткиребиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

Ал өз сөзүндө "биздин тагдырыбыз да, көңүлүбүз да бир, жүрөгүбүз дайыма сиздер менен бирге жана ар кандай оор күндөрдө чогуу болдук" деп белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда демократиялык өнүгүүлөр жүрүп жатканы кубандыраарын айтты.

Эрдоган мындан тышкары соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 90 млн. долларга өсүп, жалпысы 300 млн. долларды түзгөнүн, бирок аны 1 млрд. долларга жеткиришибиз керек деген оюн айтты. Бул үчүн ишкерлерге туруктуулук керектигин белгилеген Эрдоган өзү менен Кыргызстанга 104 ишкер да келгенин маалымдады. "Алар Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар, сиздерди колдоо көрсөтөт деп ишенем жана бул жерде толкундануу менен айтылган бардык сөздөрүбүздү ишке ашыруубуз зарыл" деп белгиледи.

“Манас” аэропортунда эл аралык хаб куруу үчүн өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз. Бизде мындай транспорттук түйүн куруу боюнча тажрыйбалуу компаниялар арбын", - деп кошумчалады түрк өкмөт башчысы.

Ошондой эле ал Түркиянын Кыргызстанга ГЭС куруу ниети бар экенин билдирип, ал үчүн түрк адистерин жана ишкерлерин курулуш иштерине катышууга чакыраарын айтты:

- ГЭСтерди куруу менен электр энергиясынын баасын арзандатып, газга болгон көз карандылыкты азайтууга болот. Бул жагынан өлкөдөгү суу байлыктарынын жөн эле агып кетиши туура эмес. Түркияда деле абал ушундай болчу. Бирок биз бийликке келген соң суу байлыктарын баркын түшүнүп, аларды пайдалануу менен табигый газга болгон көз карандылыгыбызды 8 пайызга төмөндөттүк. Ошондуктан Кыргызстан да суусунун баркын билип, аны туура пайдаланат деп ойлойм, биз да буга өз салымыбызды кошууга даярбыз.

Эки өкмөт башчынын жолугушуусунан соң Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда төмөнкү беш келишимге кол коюлду:

1. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 1994-жылы 14-октябрда Анкарада кол коюлган аба каттамын түзүү жөнүндөгү келишимге өзгөртүү киргизүү.

2. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтык келишими.

3. Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Түркия өкмөтүнүн алдындагы Инвестиция тартууну колдоо агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму.

4. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы токой чарбачылыгы багытындагы кызматташтык жөнүндөгү келишим.

Булардан тышкары “Кыргызстан” авиакомпаниясы менен “Түркия” авиакомпаниясынын жетекчилери кызматташтык боюнча келишимге кол койду.

Режеп Тайып Эрдоган 11-апрелде эртең менен Бишкектен Монголияга учуп кетмекчи. Ал жакта Монголиянын президенти жана премьер-министри менен жолугушары айтылууда.

Эгемендүүлүк жылдары Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 150дөн ашуун ар кыл тармактагы келишимдерге кол коюлган. Режеп Тайып Эрдоган соңку ирет расмий сапар менен Кыргызстанга 2011-жылдын февраль айында келип кеткен.

XS
SM
MD
LG