Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Москвада дагы бир кыргызстандык каза тапты


Баткен облусунун Кара-Козу айылында туулган 22 жаштагы жигит Москва шаарында курулушта иштеп жүргөн. Азырынча такталбаган маалыматтарга караганда, ал жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан кулап кеткен, сөөгү азырынча шаардык моргдо кармалууда. Москвадагы Кыргызстандын элчилиги учурда маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн жакын туугандарын издеп жатканын “Азаттыкка” бүгүн элчиликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева маалымдады. Бирок ал жүйөөлүү себептерге байланыштуу маркумдун аты-жөнү азырынча ачык айтылбасын кошумчалады.

Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Орусиядан 41 адамдын сөөгү Кыргызстанга жеткирилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG