Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Парламент Батукаевдин тышка чыгып кеткенин талкуулоодо


Жогорку Кеңеш жыйынында кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткени талкууланууда. Анда Башкы прокурор Аида Салянова Батукаев ак кан дартына чалдыкканы үчүн Нарын шаардык сотунун чечимине ылайык, боштондукка чыгарылганын билдирди. Салянованын айтымында, Батукаевди ооруканага жаткырууга мүмкүн болгон эмес.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин айтымында, абактагы Азиз Батукаев ак канга чалдыкты деген бүтүмдөн соң Жаза аткаруу кызматы аны ооруканага жаткырууга жолдомо берген. Бирок Бишкектеги дарыгерлер Батукаевди ооруканада дарылоо үчүн кайтарууга алуу керектигин айтып, аны жаткыруудан баш тарткан. Мындан улам Батукаевдин коопсуздугун эске алып, ооруканага жаткырылбаганын Рысалиев кошумчалады.

Азиз Батукаевди Аламүдүн райондук соту 2006-жылы 3-августта үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыраткан. Шейшемби күнү кечинде Батукаевдин саламаттыгы начарлап, түрмөдөн чыкканы тууралуу кабар тараган. Маалыматка ылайык, Батукаев ак кан оорусуна чалдыккан. Буга байланыштуу Нарын шаардык соту аны абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу чечимин 9-апрелде кабыл алган. Ал дагы 8 жыл жаза мөөнөтүн өтөшү керек болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG