Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

"Чоң сегиздиктин" министрлери дүйнөдөгү башкы кризистерди талкуулашууда


Өнүккөн сегиз өлкөнүн Тышкы иштер министрлери Лондондогу жыйын алдынан, 11-апрель, 2013
Өнүккөн сегиз өлкөнүн Тышкы иштер министрлери Лондондогу жыйын алдынан, 11-апрель, 2013
Эки күндөн бери Лондондо “Чоң сегиздиктин” тышкы иштер министрлери Сириядагы согушту, Түндүк Корея кризисин жана Ирандын ядролук программасын талкуулап жатышат.

Сирия жана Түндүк Корея боюнча абалды кечээ АКШнын мамкатчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өз алдынча жолугушууда да талкуулашкан. Лавров азыр Корей жарым аралындагы кризис боюнча Москва менен Вашингтондун позициясында “айырма жок экенин" айтты.

Сирия оппозициясынын айрым өкүлдөрү жыйындагы кээ бир министрлер менен жолугушуп, аларга колдоону көбөйтүүнү талкуулашты. Министрлер Ирандын ядролук программасы боюнча акыркы эл аралык талкуулар эмне үчүн ийгиликсиз аяктаганын да талкууга алышат дешти.

XS
SM
MD
LG