Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

ЖК: Батукаев боюнча комиссияга оппозиция кирген жок


Жогорку Кеңеште бүгүн кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаев боюнча талкуу болду. Катуу талкуудан кийин Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Бирок ага коалициялык азчылыкты түзгөн “Ата-Журт” менен “Республика” фракциялары бул маселе боюнча "жоопкерчиликти кадрларды дайындаган коалициялык көпчүлүк өзү тартышы керек" деген жүйө менен кирген жок. Антсе да комиссияга депутаттык топтон Талантбек Исаев, Алмазбек Батырбеков жана Равшан Жээнбеков кирди. Комиссияга териштирүүгө үч жума убакыт берилди. (EBM)

XS
SM
MD
LG