Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

УКМК коррупцияга каршы 360 кылмыш ишин козгогон


УКМКнын коррупцияга каршы кызматы 2011-жылдын декабр айынан бери 361 кылмыш ишин козгоду. Алардын ичинен 266сы коррупциялык көрүнүш катары бааланган. Бул тууралуу бүгүн аталган кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев Жогорку Кеңеште, “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 153 иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. 63 адам тиешелүү жазасын алды.

Бүгүн “Ар-намыс” фракциясы соттордун укукка жат чечимдери, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматын угуп жатат. Парламентте буга чейин жемкорлук менен кармалган мамлекеттик кызматкерлерди айрым соттор актап жатканы айтылган.

Кыргызстан дүйнөдөгү өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Мисалга, 2012-жылы эл аралык Transparency International уюму иликтеген 176 мамлекеттин ичинде коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 154-орунду ээлеген. Буга байланыштуу бийлик 2011-жылдын аягында коррупцияга күрөш жарыялап, УКМК алдында Коррупцияга каршы күрөш кызматын түзгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG