Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29

Ош-Жалал-Абад дирекциясынын иши кайра каралат


"Республика" фракциясы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын ишинин жыйынтыгы, "парламент жыйынында каралсын" деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган фракциясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чечимге 2010-жылы түштүктө болгон окуядан жабыр тарткан жарандардын кайрылуулары негиз болгон. Жарандар дирекция курган айрым кабаттуу үйлөрдүн пайдубалдары урап, айрым үйлөр адилетсиз берилгени тууралуу арызданышкан. Фракция бул маселени жакын арада пленардык жыйында кароо сунушун Жогорку Кеңеш төрагасына жөнөттү.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу быйыл январь айында жоюлган.(BkA)

XS
SM
MD
LG