Бүгүн күч органдарынын жетекчилери менен чукул өткөрүлгөн жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ички иштер министрине Свердлов райондук ички иштер бөлүм башчысын тергөө бүткөнгө чейин кызматтан бошотууну тапшырды.
Өкмөт башчы кечээ УКМКнын жана Свердлов РИИБдеги ыкчам топтун кызматкерлеринин ортосунда чыккан чыр боюнча нааразылыгын билдирди. Ал күнөөлүүлөр жазалансын деген тапшырма берип, иштин жыйынтыгын талап кылды. "Коомдо тартипти камсыз кылуунун ордуна өздөрү бир нече ирет жаңжалга аралашып отурган формачандар өзгөчө жазаланыш керек" деди Жантөрө Сатыбалдиев. (AKu)