Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

АКШнын Мамкатчысы Бээжинде дүйнөдөгү кризистерди талкуулап жатат


Ж.Керри (солдо) Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Йи менен Бээжиндеги жолугушууда, 13-апрель, 2013
Ж.Керри (солдо) Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Йи менен Бээжиндеги жолугушууда, 13-апрель, 2013
АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Бээжинде Кытай жетекчилиги менен жолугушуп, аларды “жакын союздашы Түндүк Кореяга басымды күчөтүүгө” үндөп жатат. Бүгүн Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен сүйлөшкөндө “Азыр өтө оор маселелер менен байланышкан опурталдуу абалдабыз”, - деп айтты Керри. Мамкатчы жалгыз эле азыр Корей жарым аралында курчуп бараткан кризиске эмес, Ирандын ядролук программасы, Сириядагы конфликт менен байланышкан чыңалууларга да токтолду.

Соңку апталарда Пхеньян Түштүк Корея менен АКШны бир канча ирет ядролук чабуулдар болоору жөнүндөгү билдирүүлдөрү менен коркутуп келатат. Корей жарым аралындагы акыркы кризис февралда Түндүк Кореянын үчүнчү жолку ядролук сыноолорунан кийин БУУ ага каршы жазананы күчөткөндөн тарта курчуду.

Мамкатчы кечээ да Сеулдагы жолугушуусунда Кытайдын өкүлдөрүнө “Түндүк Кореяны эптеп азыркы ядролук сыноолордон баш тартууга үндөөгө” чакырган. Кытай азыр Түндүк Кореянын жалгыз ири өнөктөшү.

XS
SM
MD
LG