Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Бир топ мамлекеттик жетекчилер кызматтан бошоду


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин кечээги буйругуна ылайык, Маданият жана туризм министрлигинин сатс катчысы Нурдавлет Нурмамат уулу, Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Байгазы Кенжебаев, Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министринин орун басары Кыял Алыгулова, Экономика министрлигинин статс катчысы Айдай Курманова, Манас районунун акими Эдил Кузебаев, Кара-Буура районунун акими Анарбек Осмоналиев, Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскулов, Чаткал районун акими Таласбай уулу Акмактбек, Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров, Ак-Талаа районунун акими Сейтек Кулбаев, Кемин районунун акими Умар Изабаев, Ат-Башы районун акими Иличбек Максутов, анын орун басары Айнагүл Молдалиева кызматынан бошоду.

Аларды кызматынан алуунун себеби тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов бүгүн "Азаттыкка" буларды айтты:

- Бир топ мамлекеттик кызматкерлер милдетин так аткарбаганы тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мурдатан айтып келген. Жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы чыгарылып жатканда вице-премьер-министрлер өздөрүнө тиешелүү тармактардагы кызматкерлер тууралуу маалымат беришти. Өкмөт башчы укугунун негизинде бир тобун кызматтан бошотту. Ал эми министрлердин жоопкерчилигин коалициялык көпчүлүк карайт.

Кечээ мындан сырткары айрым мамлекеттик чиновниктер кызматынынан бошотулуп, бир топ жетекчилерге сөгүш жарыяланганын жана айрымдарына сын айтылганын "Азаттык" кабарлаган. (AKu)

XS
SM
MD
LG