Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Акун: Батукаевди бошоткон “атайын операцияга” тиешем жок


Акыйкатчы Турсунбек Акун “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуп, Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча бир катар мамлекеттик бийлик органдарынын биргелешкен “операциясына ” катышы жок экенин айтып чыкты. Бул тууралуу бүгүн ал маалымат жыйынында билдирди. Акундун айтымында, бир жыл мурда абакта жаткан оорукчан адамдар менен бирге эле Батукаев да дарыланууга муктаж экендигин айтып, өтүнүч келтирген. Бирок Башкы прокуратура менен Жазаларды аткаруу кызматы өтүнүчтү шылтоо катары колдонуп, бошотулушунун негизги себебин жашырып жатат дейт:

-Башкы прокуратура менен Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилери атайын көрсөтмө алган сыяктуу. Болбосо, мындай ыкчам, алдын-ала даярдалган акция болмок эмес. Бул акцияга менин эч катышым жок.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевди өткөн жумада "айыкпас илдетке кабылды" деген жүйөө менен Нарын шаардык соту абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарган. Батукаев ошол эле күнү Чеченстанга чыгып кеткени белгилүү болгон. Батукаевдин бошотулушу боюнча маселе бейшембиде парламентте каралып, анын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн.(KJ\BkA)

XS
SM
MD
LG