Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Жаштар уюмдары Батукаевди бошоткондорду жазалоону талап кылууда


Бүгүн Бишкекте “Таза коом”, “Кыргыз эл жаштар кеңеши” сыяктуу бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга катышы бар жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылышты. “Таза коом” жаштар уюмунун төрагасы Мукаш Ырсалиевдин айтымында, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери Батукаевдин бошотулушун мыйзамдуу деп атап, анын таламын ачыктан-ачык коргоп жатышат. Мындан улам жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Батукаевдин бошотулушун бир катар мамлекеттик органдардын кутуму деп эсептеп, буга тиешеси бар катары вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев жана Акыйткачы Турсунбек Акундун кызматтан алууну талап кылышты.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевди өткөн жумада "айыкпас илдетке кабылды" деген жүйө менен Нарын шаардык соту абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарган. Батукаев ошол эле күнү Чеченстанга чыгып кеткени белгилүү болгон. Батукаевдин бошотулушу боюнча маселе бейшембиде парламентте каралып, анын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG