Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


Шашылыш эскертүү

14-18-апрелде тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 17-18-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

16-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар түшөт, Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 8…13,
Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 7…12,
Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 11 …16,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13,
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 жылуу болот

Бишкекте 16-апрелде күндүз жаан жаайт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкүсүн 8…10 градус жылуу, күндүз 10…12 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG