Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Путиндин өкүлү "Магнитский тизмесин" сындады


Адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмү боюнча тергөө аяктаган жана аны кайра иликтөөнүн кажети жок. Бул тууралуу президент Владимир Путиндин маалымат катчысы билдирди. Биринчи каналга берген интервьюда Дмитрий Песков АКШнын санкцияларына туш болгон орусиялык расмий адамдарды камтыган “Магнитский тизмесин” сындап, адвокаттын өлүмү Орусиянын ички иши деп белгиледи. Магнитский 2009-жылы тергөө абагында жаткан жеринен каза болгон.
Өткөн жума күнү Вашингтон адвокаттын өлүмүнө жана адам укуктары бузулган башка фактыларга тиешеси бар орусиялык расмий кишилерге виза бербөө, эсептерин убактылуу жабуу чечимин жарыялаган. Песков ошондой эле Путинди “конструктивдүү сынга” кызыкдар, компромисске барууга даяр адам катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG