Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Обама: жардыруулардын артында ким турганы азырынча белгисиз


Жаракат алгандар ооруканага жөнөтүлүүдө. 15-апрель, Бостон.
Жаракат алгандар ооруканага жөнөтүлүүдө. 15-апрель, Бостон.
АКШ президенти Барак Обама бул тууралуу Бостон шаарындагы кош жардыруудан кийин Ак үйдөн сүйлөгөн учурунда айтты:

-Бизде азырынча бардык суроолордун жообу жок. Бирок биз Бостон марафонундагы жардырууларда бир нече киши, айрымдары оор жаракат алганын билебиз. Мен ФБРдин директору Мюллер, Улуттук коопсуздук министри Наполитано менен сүйлөштүм. Алар тергөө жүргүзүү жана жооп берүү үчүн талап кылынган ресурсту моблизациялашты.

Барак Обама буга катар АКШ бийликтери Бостондогу кош жардыруу үчүн жоопкерлерди таап, жазалай турганын убада кылды:

-Адамдар биз бардык фактыларга ээ болмоюнча жыйынтык чыгарууга ашыкпоосу абзел. Бирок, күмөн санабагыла, биз муну аягына чыгарабыз. Ким жасаганын, эмне үчүн жасаганын аныктайбыз. Жеке адам болобу, топ болобу жоопкерчиликти толугу менен тартат.

Дүйшөмбүдөгү жардыруудан кийин АКШнын Авиация боюнча федералдык администрациясы Бостондун үстүн учууга болбой турган аймак деп жарыялады.

Коопсуздук чаралары Нью-Йоркто, Вашингтондо, Лос-Анжелесте, Лондондо жана башка шаарларда күчөтүлдү.

Жыл сайын өтүүчү Бостон марафонунун марага жетер бөлүгүндөгү кош жардыруудан, полициянын учурдагы маалыматына караганда, кеминде эки киши каза таап, 23 киши жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG