Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Ысык-Көлдө жер титиреди


Ысык-Көл облусунун аймагында бүгүн таңга маал жер титирөө катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сейсмология институту бүгүн таңга маал саат 4төн 32 мүнөт өткөндө күчү очогунда 4 балл болгон жер титирөө каттаган. Жер титирөөнүн очогу Тескей Ала-Тоо тоолорунда болуп, Кажы-Сай айылынан 50 чакырым түштүк-чыгыш, Барскоон айылынан 27 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Зилзаланын күчү калктуу конуштарда дээрлик сезилген эмес. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. (BkA)

XS
SM
MD
LG