Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Францияда министрлер алгачкы жолу жеке байлыгы жөнүндө маалыматты ачыкташты


Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус өлкөдөгү эң бай адамдардын бири экени аныкталды
Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус өлкөдөгү эң бай адамдардын бири экени аныкталды
Бул идеяны элден көбүрөөк колдоо тапканга аракет кылган президент Франсуа Олланддын Социалисттик партиясы көтөрүп, интернетте атайын веб-сайт ачкан. Кечээ ал сайтта өлкөнүн премьер-министри Жан-Марк Эро жана анын 37 министринин жеке мүлкү жөнүндө маалымат жарыяланды.

Өлкөнүн Бюджет министри Жером Каүзак Швейцариядагы банкта жашыруун эсеби бар экенин мойнуна алгандан кийин президент Олландга элдин ишеними түшүп кеткен болчу. Каүзак андан кийин кызматынан кеткен, азыр “салык төлөөдөн качкан” деген айып боюнча иликтенип жатат.

Президент бул үчүн эле эмес, Социалисттик партиянын каржы иштерине жооп берген мурдагы өкүлү байлыгын Кайман аралдарындагы оффшордук эки компанияда сактай турганы ачылып калганда да уят болгон эле.

Дүйшөмбүдө жарыяланган декларацияга ылайык, өлкөнүн азыркы тышкы иштер министри Лоран Фабиус дээрлик 8 млн. доллар мүлкү менен өлкөдөгү эң бай адамдардын катарында экени белгилүү болду. Президент Олланд өзүнүн мүлкү жөнүндө маалыматты президенттикке ат салышканда ачыктаган. Ошондо анын 2 млн. еврого жакын байлыгы бар болчу.

XS
SM
MD
LG