Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

ФБР: Бостондогу жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек


АКШнын Федералдык чалгын Бюросу (FBI) Бостондогу жардыруу үчүн эч бир топ жоопкерчиликти ала электигин, кылмышка шектүүлөр иликтенип жатканын билдирди. Атайын агент Ричард Де Лорье Бостондо марафондо жарылган бомба мискейлерде катылган болушу ыктымал экенин айтты. Окуя болгон жерден жардыргыч зат салынып келиши мүмкүн делген кара нейлон баштыктар табылды. Адистер колго жасалган бомбалар үчүн капкагы катуу жабылган, тамак тез бышкан мискейлер көп колдонуларын белгилешет.

Дүйшөмбүдөгү жардырууларда үч адам, анын ичинде сегиз жаштагы жеткинчек набыт болду. Дагы 170тей адам жаракат алды, алардын 17нин абалы оор. Президент Барак Обама жардыруулар “теракт” катары иликтенип жатканын билдирди. Обама Бостонго бейшемби күнү барганы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG