Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны жабык өтүүдө


Азиз Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны ушу тапта жабык өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, ага кыргыз өкмөтүнүн күч структуралары үчүн жооптуу вице-премьер Шамил Атаханов катышууда.

Батукаев учуп кеткен учакты Шамил Атахановдун уулу Данияр тейлейт деп айтылган. Бирок Атаханов Батукаевге байланыштуу окуяга уулунун тиешеси жок экенин билдирген.

Президент Алмазбек Атамбаев "кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы" атыккан Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун тыкыр иликтөөнү тапшырган.

Өткөн аптада Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG