Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Сириядагы согушка кетти делген кыргыз жарандарынын ишин Түркия прокуратурасы иликтөөдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунан кабарлашты.

Башкы консул Мирлан Арстанбаев “Азаттык” менен маегинде түрк прокуратурасы тергөө учурунда топтолгон маалыматтарды ачыкка чыгарбай турууну өтүнгөнүн кошумчалады:

-Стамбулдун прокуратурасына арыз менен кайрылдык. Биздин арыздын негизинде иш козголду. Азыр тергөө жүрүп жатат. Прокуратура менен байланыштабыз. Туугандарынан алынган маалыматтардын баарын, Кыргызстанга чалынган телефон номерлерди бергенбиз.

Жаштар тобун Кызыл-Кыя менен Аравандын мечиттеринен азгырып, Түркия аркылуу жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияга алып кетишкенин бүгүн парламентте депутат Дастан Жумабеков айтып чыккан болчу.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан бүгүн “Азаттыкка” билдиришкендей, аларга Кызыл-Кыя шаарынын 18ден 36 жашка чейинки жети тургунун ата-энесинен арыз түшкөн.

Комиссиянын бөлүм башчысы Маметбек Мырзабаевдин айтымында, алгач Түркияга барган ал жарандар туугандарына телефон чалышып, Сирияга кетүү алдында турганын билдиришкен. (UE)

XS
SM
MD
LG