Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Түндүк Кавказда террор кылмыштары көбөйдү


Бул тууралуу бүгүн Орусиянын Башкы прокурору Юрий Чайка билдирди.

Анын айтымында, былтыр Түндүк Кавказ аймагында терроризм менен байланышкан 565 кылмыш жасалган.

Алардан учурунда укук коргоо органдарынын 221 өкүлү каза таап, 405и жарадар болгон.

Орусия Башкы прокурору согушкерлер жеринде курал эле эмес, азык-түлүк, дары-дармек, баш калканч жана унаа жагынан чоң колдоого ээ экенин моюнга алды.

Юрий Чайка белгилегендей, былтыр Орусиядагы теракттардын 89% Түндүк Кавказдын аймагында жасалган.

Бирок террордук ишмердик Волга чөлкөмүндө, Түштүк Федералдык аймагында да күчөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG