Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Сербия-Косово сүйлөшүүлөрү жанданды


Сербиянын премьер-министри Ивица Дачич косоволук кесиптеши Хашим Тачи менен Брюсселде Евробиримдиктин ортомчулугу менен сүйлөшүү баштады. Тараптар ушул айдын башында да жолуккан, бирок анда мунаса табылган эмес.

Сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы Сербия менен Косовонун Евробиримдикке кошулуу даярдыгын баалаган баяндаманы жарыялоо кийинкиге калгандан кийин гана жанданды. Еврошаркет эки өлкө мунасага келгенде гана уюмга кабыл алынат деген шарт койгон болчу.

Өткөн жумада Белград Приштандагы серб азчылыгы менен албан көпчүлүгүнүн алакасын жакшыртуу тууралуу Еврошаркет сунуштаган долбоорду четке каккан болчу.

2008-жылы Косово өзүн Сербиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Белград муну таануудан баш тартып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG