Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Райондук прокуратура кызматкеринин иши сотко өттү


Чүйдүн Аламүдүн райондук прокуратурасынын кызматкеринин иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынан кабарлашты. Прокурордун жардамчысы Досумбеков адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча кылмыш ишти жаап-жашыруу үчүн 10 миң сом пара алып жаткан жеринен быйыл, февраль айында кармалганы айтылууда. Прокурордун жардамчысынын үстүнөн соттук териштирүү Аламүдүн райондук сотунда өтөт.

Өлкө жетекчилиги коррупцияга каршы иш күчөтүлгөнүн, жемкорлорду колго түшүрүү активдешкенин айтып келет. Бирок, укук коргоочу бейөкмөт уюмдардын айтымында, пара менен кармалды делгендердин көбү соттон акталып чыгып кетүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG