Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Түндүк Корея элдешүү сүйлөшүүсүн улантуу шартын айтты


Ал үчүн Улуттар Уюму өлкөгө каршы санкцияларын токтотуп, Кошмо Штаттар менен Түштүк Корея аскерин чогуу машыктырганды токтотушу абзел. Түндүк Кореянын Улуттук коргонуу комиссиясы бүгүн жарыялаган билдирүүдө Вашингтондон Түштүк Кореядагы жана региондогу ядролук куралдарын чыгарып кетүү да талап кылынды. Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Пхеньяндын талабын “абсурд” деп атап, бу сындуу “жөнү жок талап жасоону токтотууга” үндөдү. Түндүк Корея акыркы жумаларда АКШга жана анын Азиядагы союздаштарына ядролук сокку урам деп коркутуп, Түштүк Корея менен согуш абалына өткөнүн жарыя кылган. Корея жарым аралындагы кырдаал, Пхеньян февралда үчүнчү ядролук сыноону өткөргөндөн кийин осолдоп кетти.

XS
SM
MD
LG